Россия менен Абхазия, Түштүк Осетия ортосундагы келишимге АКШ, НАТО, ЕБ камтама

АКШ, НАТО жана Европа Биримдиги Россия менен сепаратисттик Абхазия жана Түштүк Осетия ортосунда түзүлгөн чегара келишимине байланыштуу камтамачылыгын билдиришүүдө. Алардын ырастоосунда, бул келишим Еврошаркеттин арачылыгы менен жетишилген ок атышууну токтотуу макулдашуусуна каршы келет. Макулдашуу 12-августта Россия менен Грузия ортосундагы кыска согушту токотуу максатында түзүлгөн. Бейшембиде орус президенти Дмитрий Медведев эки жумурияттын жетекчилери менен кол койгон келишимге ылайык Москва Абхазия жана Түштүк Осетиянын Грузия менен чегарасын коргоо жоопкерчилигин өзүнө алат.