Аксылыктар Петровкадагы жаңжалды оппозицияга оодара салууга каршы

Аксы районундагы бүгүн Кара-Жыгач базарында чогулгандар Петровка айлындагы жаңжалды оппозицияга оодара салуу аракеттерине нааразы болушту. Алар Кыргызстан элине жана президентке кайрылуу кабыл алышып, оппозицияга негизсиз доомат коюну токтотууну жана анын камалган активисттерин бошотууну талап кылышты. Эгер бул талаптар үч күндү ичинде аткарылбаса, аксылыктар 4-майдан тарта ар түрдүү саясий акцияларды баштамакчы. Бул кайрылуу базардагы миңдей адамдын колдоосун алды. Бул жөнүндө “Азаттыкка” БЭКтин бул жактагы өкүлү Кубаныч Маматкеримов билдирди. (YA)