Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, база жөнүндө сөз болгондо эки маселе эске алыныш керек. Анын биринчиси Манастагы аскердик контингентке байланыштуу маселе, экинчиси антитеррордук күрөшкө катышуу. Манастагы аскердик контингентти чыгаруу боюнча кыргыз бийлиги чечим кабыл алган жана аны өзгөртүү боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жок. Ал эми Ооганстандагы антитеррордук күрөшкө Кыргызстан өз салымын кошууга даяр.(AiT)