Журналист А.Саиповду аткан тапанчанын изи Тажикистанда

Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 27-апрелде парламенттин Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укук боюнча комитетте билдирди. Анын айтымында, Баңги заттарын көзөмөлдөө агенттиги тарабынан февраль айында кармалган жарандын жанынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Куралды баллистикалык экспертизадан өткөрүшкөндө, ал тапанча 2007-жылы Ошто журналист Алишер Саиповго атылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран сурак учурунда ал тапанчаны Тажикстандын тургунунан алгандыгын айткан. М.Конгантиев учурда аты-жөнү такталган ал адам жоокесептин мүчөсү экендигин, тартип коргоо кызматкерлери бул боюнча Тажикстандык кесиптештери менен тиешелүү иш чара жүргүзүп жатканын белгиледи. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты. (AJ)