Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, комиссия Петровка айылында болгон окуянын себептерин иликтеп, иштей баштады. Комиссиянын курамында он киши бар. Кечээ Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринен турган 3 топ түзүлгөн. Алар Бишкектин убактылуу тескеп бөлүштүрүү жайында, айыпкер Сапар Аргынбаев кармалып жаткан Канттагы убактылуу кармоо жайында жана Петровка айылында болуп, байкоо жүргүзүшкөн. Аталган комиссияны түзүү чечими 3 топтун баяндамасынын негизинде кабыл алынды.(AzK)