Ирактын Кут аттуу шаарындагы америкалык куралдуу күчтөрдүн иш-чарасы учурунда алардын огунан Ирактын бир полициячысы менен жергиликтүү бир аял набыт болгону кабарланууда. Буга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Нури Аль-Малики билдирүү жасап, АКШ куралдуу күчтөрү эки тараптуу коопсуздук боюнча келишимди сактабай жатышканын айтып чыкты. АКШ куралдуу күчтөрү болсо Кут шаарында согушчандарга каршы операция жүргүзүшкөнүн айтышууда.