Өзбекстан менен талашка түшкөн Ноокендин Чек айылындагылар кыргыз бийлигине нааразы

Өзбекстандын чек арачылары айылга автоунааларды киргизбөөгө далалат кылышты. Кырдаал жергиликтүү тургундардын аракети менен жөнгө салынды. Алар комиссия иликтегенче маселени курчутпай турууга үндөштү. Кечээ Өзбекстандын Пахта-Абат райакиминин орунбасары бекет орнотуу максаты менен айылда жыйын өткөргөн. Ага жергиликтүү калк каршы чыкты. Элдин чакыруусу менен барган Сакалды айыл өкмөт башчысы бир айча бекет койбой турууну өзбекстандык өкүлгө сунуш кылган. Өктөбүр ыңкылабынан бери бул жер Кыргызстанга тиешелүү экенин белгилеген тургундар бир аптадан бери тагдырына кызыкпаган бийлик ээлерине капа болушууда. 24-апрелдеги жыйынга район акими же губернатор катышпаган. Жогорку бийликтен дарек жок. Айыл тургундары «Биздин укугубузду ким коргойт?»- деп суроо коюушууда. (YA)