Курултай делегаттары элди ынтымактуу болууга чакырышты

БЭК уюштурган үчүнчү элдик курултайдын жер-жерден делегаттары Кыргызстандын жалпы элине түндүк, түштүк деп бөлүнбөй, ынтымактуу жана биримдиктүү болууга чакырып жатышат. Алардын айтымында, эки жакка бөлүнүү мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн, бирок азыркы бийлик мындай кооптуу жагдайды эстен чыгарып, башкаруунун бардык тармактарында жердешчилик, жек-жааттык мамиленин өрчүшүнө шарт түзүп жатат. Ошондуктан делегаттар кадр саясатынан баштап мамлекеттик башкарууга чейин өң-тааныштыктык менен коррупцияны жоюп, кесипкөй, эл-жерди сүйгөн чыныгы патриотторду тартуу керек деген талаптарды коюп, президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев жеңишке жетсе ушундай саясат жүргүзөт деп ишенишээрин айтып жатышат. Ал эми Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Айнура Кенжебаева Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин эл колдобойт жана шайлоодо жеңип чыга албайт деп билдирди. Анын айтымында, Алмаз Атамбаев өкмөт башчы болуп иштеп, мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзө албагандыгын көрсөткөн. Ошон үчүн элдин ага ишеними жок деп, азыр эл бийликтеги президентти эле кайра шайлайт деп белгиледи.(BD)