Германия быйыл Кыргызстандын 8,5 миллион евро карызын кечүүнү сунуштайт

Мындай билдирүүнү бүгүн Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Саламаттык сактоо министринин орун басары Сабыржан Абдукаримовдун Германия карызды саламаттык сактоо тармагына берчү инвестициянын эсебинен кечет деген маалыматына тактоо киргизүү максатында таратты. Билдирүүгө караганда, Германиянын Бундестагы бул сунушка макулдук берсе карыз кечирилет, бирок кыргыз өкмөтү ошончо көлөмдөгү каражатты жакырчылыкты жоюуга жумшоого мажбур болот. Карызды кечүү маселеси болсо Кыргызстан менен Германия өкмөттөрүнүн ушул жылдын 13-14-май күндөрү Германияда боло турган сүйлөшүүсүндө талкууланат. (BD)