Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча №38 түрмөнүн башчысы абакта жаткан бирөөнү мөөнөтүнөн эрте бошотуп берүүнү убада кылып, анын туугандарынан 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул окуя боюнча УКМК кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш ишин козгоду.(ZKo)