Алган адистигин актап берүү системасы жандандырылат

Илим жана билим берүү министри Абдылда Мусаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, билимин актап берүү келишими педагогикалык адистикке тапшырган бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери жана айыл өкмөттөрдүн ортосунда түзүлөт. Келишимдин негизинде жолдомо алган бүтүрүүчү ЖОЖдордун педагогикалык адистиктерине тапшырат. “Ошондо бүтүрүүчү кайсы айылдан келсе, окууну бүткөндө ошол жакка кайра кайтып, мугалим болот. Аларга үй маселеси, жер меселеси оңой чечилет. Биз аларга туулуп-өскөн айылына барып иштөөгө мүмкүндүк түзүп жатабыз”, - дейт Абдылда Мусаев. Бул максатта 300 бюджеттик орун бөлүнөт. Келишим менен болочок мугалимдер өз жерлеринде 3 жыл убакыт иштеп берүүгө милдеттүү болот. Эгер алар окууну бүткөндөн кийин келишимди буза турган болсо, анда алар мамлекет жумшаган каражатты кайтарып берүүгө тийиш. (AzK)