Парламенттин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында “Кыргызстан аймагына адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү курамында химиялык, токсикалык жана канцерогендик уулуу заттары бар жашылча-жемиштерди ташууга тыю салуу жөнүндө” мыйзам долбоору, гуманитардык жардамдарды кабыл алууда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясына Жогорку Кеңештин комитетинен мүчөлөрдү кошуу маселелери каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)