Молдовада добуштарды кайра саноо кечигүүдө

Шайлоо комиссиясы ушул айдын башындагы парламенттик шайлоодо берилген добуштарды кайра саноонун жыйынтыгы мурдатан пландалгандай бүгүн эмес, келерки аптада жарыяланаарын билдирди. Оппозиция кайра саноону көзөмөлдөөгө катышуудан баш тартып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.