Бешимов: Президент тышкы дүйнөгө терс белгилерди жибербеши керек эле

Жогорку Кеңештин Социал-Демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов “Азаттыкка” президент өлкөгө сырттан басымдар болушу мүмкүн, деп айтып тышкы саясатта ката кетиргенин билдирди. Кыргызстанга инвестиция алып келүүнү, башка мамлекеттер менен жакшы мамилени өнүктүрүүнү каалаган өлкө башчы кандай кыйын, оор абал болбосун, башка мамлекеттерге өтө позитивдүү гана белгилерди жөнөтүшү керектигин айтты. Анын баамында, коңшу мамлекеттер ортосундагы суу маселесин өтө чыдамкай аракеттер менен чечүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Б. Бешимов тыштан келчү басымды АКШ базасына байланыштырууну да ката катары баалайт. Ооганстанда абал өто оор болуп жатса, Кошмо Штаттардын Кыргызстандын ички иштерине киришүүсүнүн кажети жок, деди Б. Бешимов. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элдеринин ассаблеясынын курултайында сөз сүйлөп, расмий Бишкек АКШнын аскерий базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алып, өлкөгө жаңы ГЭСтерди кура баштагандан кийин саясий процесстердин активдүү мүчөсү катары тыштан кысым-басымдарга кабылышы ыктымалдыгын ырастаган. (EBM)