Ысык-Көл районунда сатылып кеткен бала бакчалар кайтарылууда

Социалдык жана маданий мекемелерди менчиктештирүү мыйзамга каршы келгенине карабай Ысык-Көл районундагы бала бакчалар менчикке сатылып кеткен. Райондук прокурордун орун басары Талас Карабаевдин айтуусунда, Кара-Ой айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Шүкүрбек Мамытов наркы 2,5 млн. сомдук бала бакчаны 213 миң сомго менчиктештирүүгө токтом чыгарган. Тергөө органдары мурунку айыл өкмөттүн үстүнөн кылмыш ишин козгоп, имаратты сатып алган Кариев аттуу ишкерге укуктук документтерди мыйзамдаштырууга тыюу салды. Учурда бала бакча айылга кайтарылып берилди. “Мээрим” фондусуна өтүп кеткен Бакты-Долоноту жана Чолпон-Ата бала бакчаларына чыккан токтомдорду жокко чыгаруу боюнча да райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылды. (RB)