Милициялардын жүрүм-турум маданияты боюнча семинар өтүүдө

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, семинар кечээ башталды жана 20-апрелге чейин уланат. Анда укук коргоо органдарынын жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү боюнча Бишкек шаарындагы ар бир райондун кызматкерлери окутулмакчы. Мындай иш-чара ушул жылдын февраль айында кабыл алынган кесиптик этика кодекске ылайык уюштурулуп жатат. (EBM)