Укук коргоочулар талапкер болчуларды шайлоого катышпоого чакырды

Алты бейөкмөт уюм жолдогон кайрылууда келаткан президенттик шайлоо шайлоочулардын укуктарын басынтат деп, муну 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун жасалма тыянактары менен негиздеген. Укук коргоочу уюмдар элге ишенимди кайтаруу үчүн адегенде чайкоочулук менен жасалмалуулукка жол берген Шайлоо кодексин оңдоо, БШКнын курамын эл ишенген адамдардан кайра куруу, Жогорку Кеңешке кайра шайлоо аркылуу чыныгы эл өкүлдөрүн алып келүү керек деп эсептейт. Кайрылууга “Жарандык коом коррупцияга каршы”, “Кылым шамы”, “Ачык көз караш”, “Психикалык саламаттык жана коом”, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, Балдар укуктарын коргоо лигасы кол коюшкан. Буга чейин укук коргоочу уюмдардын тобу президенттик шайлоодон мурда парламенттик кайра шайлоо өткөрүүгө президентти чакырган. Жоон топ укук коргоочу уюмдар жана оппозициялык күчтөр 2007-жылкы кезексиз парламенттик шайлоо “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгы үчүн одоно бурмаланган деп келатышат.
Борбордук Шайлоо комиссиясы кезегинде облустук шайлоо комиссияларынын бүтүмдөрүнө жана соттордун чечимдерине таянып, парламенттик шайлоо мыйзамдуу өткөн деген тыянак чыгарган жана азыр да ошол ишенимде турат. (BuS)