Молдовада парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толугу менен кайра эсептелет

Мындай чечимди Конституциялык сот президент Владимир Ворониндин өтүнүчү боюнча кабыл алды. Оппозиция 5-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтууда. Конституциялык соттун төрагасы Дмитрий Пулбере шайлоочулардын тизмелери тогуз күндүн аралыгында текшерилип чыгышы керектигин айтты. Оппозиция тизмеге өлүү жандар да киргизилген деп ырастоодо.