Таиланд өкмөтү Бангкок жана анын айланасындагы аймактарда чукул кырдаал киргизди

Кечээ антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучулары Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин (АСЕАН) саммиттин үзгүлтүккө учуратышкан. Бүгүн алар ички иштер министрлигине карай жылышкан. Айрым кабарларга караганда, көчөлөрдө куралдын үнү угулуп турду. Демонстранттар экс-премьер Таксин Шинаватранын кызматка кайра коюлушун талап кылышууда.