Эгемендик доорунда Кыргызстандан 3000 адам АКШга барып окуп келди

11-апрелде “Хаятт” мейканасында 2008-жылы АКШга барып окуп келгендердин жолугушуусу өттү. Америка турмушун көрүп келгендердин арасында депутаттар, мамлекеттик чиновниктер, бейөкмөт уюм өкүлдөрү, студенттер, окуучулар жана Кыргызстандын баскетбол боюнча кенже командасы бар. АКШ мамдепартаменти дүйнө элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүүнү тереңдетүү максатында жыл сайын бир жарым миллиард доллар сарптайт. Ага жыл сайын бир жарым миллионго жакын чет өлкөлүктөр жана 50 миң америкалык катышып турат. Кыргызстан эгемен болгондон бери 3000, 2008-жыл ичи 200 атуул АКШдан окуп келишкен. (SA)