Сомдун наркы түшүүүдө

Бул тууралуу Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров кечээ маалымат каражаттарына билдирди. Министрдин айтымында 2009-жылдын алгачкы айлары Улуттук Банктын 160 млн. доллардан ашыкка алтын запасы азайды. Сомду минтип кармап туруу Кыргызстан үчүн кымбатка турат. Улуттук Банк туура саясат жүргүзүп атат деп эсептеген министр сомдун эркин жүгүрүүсү анын акча рыногунда өзүн кармоону шарттай аларына үмүт артты. (BuS)