Парламент комитеттери өкмөт отчетун талкуулоону улантууда

Кыргыз өкмөтүнүн 2008-жыл үчүн баяндамасы бүгүн парламенттин үч комитети талкуулаганы жатат. Комитеттердин отурумдарына биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат. Премьер-министрдин отчетун парламент келерки аптада угары күтүлүүдө. (BuS)