Каржылык чалгындоо кызматынын жетекчилигинде кадр алмашуу

Президент Курманбек Бакиевдин бүгүн кол койгон жардыгына ылайык Салайдин Айдаров каржылык чалгындоо кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп дайындалды. Мамлекет башчынын дагы бир жардыгы менен каржылык чалгындоо кызматынын төрагасынын 1-орун басары кызматынан Улан Даникеев өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)