“Альянс-Пром” менен кыргыз өкмөтү келишим түздү

“Кайыңды кант” жана “Кошой” кант заводдорунун ишин жакшыртуу, кызылчачы дыйкандарды колдоо максатында түзүлгөн келишимге кыргыз айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев менен “Альянс-Пром” ишканасынын президенти Константин Басюк кол койду. Келишимге ылайык 2009-жылдан тарта кызылча өстүрүүнү көбөйтүүгө, дыйкандарды үрөн, күйүүчү май менен камсыздап, жылына 250 миң тоннадан кем эмес кызылча түшүмүн жыйноого шарт түзүп берүү тараптардын милдети. Ошондой эле кызылчаны кабыл алуу баасы тууралуу “Альянс-Пром” КР монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүүчү агенттик менен макулдашмак болду. Бул тууралуу айыл суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Өткөн жылы “Кайыңды кант” жана “Кошой” кант заводдору кызылча кабыл алуудан баш тартышкан. Натыйжада 15 миң тоннага жакын кызылчанын түшүмү жарымы кар алдында калып, жарымы малга берилген.(ZKo)