Таласта БЭКтин мүчөсүнө кысым көрсөтүлүүдө

Мындай маалыматты Кара-Буура районунун тургуну, Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Жыпарбек Тойчубеков «Азаттыкка» билдирди. 26-марттан тартып анын үйүнө укук коргоо кызматкерлери кайра-кайра келип, митингге чыкпагын, элди үндөбөгүн, баракчаларды таратпагын, мыйзам түрүндө жоопко тартыласың деп айтышканын ырастады. "Бул бийликтин коркутуусу",- дейт Тойчубеков. Ага 2008-жылы да райондук прокуратура тарабынан ушундай эле мааниде жазылган эскертүү барагы берилген. Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эмил Жаманкулов Тойчубековго алар тараптан андай кысым жасалбаганын айтып, эгер бир дооматы болсо жогорку укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылсын дейт. (UA)