Президент Курманбек Бакиев көтөргөн демилгеде Кыргызстанды Борбор Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук боюнча такай иштөөчү конференциянын орду деп жарыялоо сунушталган. Ал боюнча тийиштүү документтер 31-мартта Голландиянын Гаага шаарында Ооганстан боюнча конференциянын катышуучуларына тапшырылган. Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев конференцияда сөз сүйлөп, президент Курманбек Бакиевдин “Бишкек демилгесин” жарыялаган.(AiT)