БЭКтин Таластагы мүчөсү Сатканкул Бапышев Конституциялык укугу тебеленип, ага карата жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо кызматы кысым көрсөтүп, саясий куугунтукка алганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 25-26-мартта Кара Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны үйүндө камоого аракет кылып, 27-мартта болуучу митингге катыштырбоону көздөшкөн. “Жергиликтүү бийликтин кысымына карбай нааразылык акциясына катышып, азыркы өлкөдөгү абалга өз көз карашымды билдирдим. Жергиликтүү бийлик, милиция кызматкерлери үй-бүлөмө дагы кысым көрсөтүүдө”,-дейт Бапышев. Ал укугун коргоп берүү өтүнүчү менен Акыйкатчыга кат жолдоорун маалымдады. Бул маселе боюнча Кара-Буура райондук администрациясынан жана ички иштер бөлүмүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок . (AJ)