Бишкекте “Кыргызстан-2009” эл аралык жарманкеси өтөт

Аталган иш чара борбор калаанын Спорт сарайында 24-28-апрель күндөрү өтөт. “Кыргызстан-2009” аттуу он биринчи эл аралык көргөзмө-жарманкеге дүйнөнүн он өлкөсүнөн: Россия, Өзбекстан, Индонезия, Иран, Малайзия, Казакстан, Түркия, Индия жана Кыргызстандан 120га жакын компаниялар катышат. Жарманкеде электротехникалык, жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын, энергетиканын, эл чарбасынын жана башка тармактарынын жабдуулары көрсөтүлөт. Көргөзмө-жарманкени Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасы уюштурууда. Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттиги билдирди. (ES)