Мындай көрүнүш оппозцияда эле эмес, коомдо нааразылыктарды күчөтүп жатат деген оюн “Улуттук тилектештик” кыймылынын лидерлеринин бири Кадыр Кошалиев “Азаттыкка” билдирди. “Бул бир эле саясий кризис эмес, саясий-экономикалык, руханий-идеологиялык, башкача айтканда системалык кризис болуп атат. Мындай болгондон кийин бийликтин башына Акматовду же Ташматовду алып келгенде деле эч натыйжа чыкпайт. Баары ушундай бойдон сакталып кала берет”, - дейт К. Кошалиев.(ES)