105 саясий партия президенттик шайлоого талапкер көрсөтүүгө укугу бар

27-мартта “Слово Кыргызстана” гезитине Адилет министрлигинен каттоодон өткөн 105 саясий партиянын тизмеси басылды. Шайлоо кодексине ылайык президенттикке талапкер укук органдарынан расмий каттоодон өткөн саясий партиялар гана көрсөтүүгө укуктуу. Ошондой эле атуулдар өзүн өзү талапкерликке көрсөтүүгө укуктуу. Тизмеде “Ак жол”, “Ак шумкар”, КСДП, “ЭрК”, “Ата Мекен”, “Жаңы Кыргызстан”, “Асаба”, “Ар намыс”, “Замандаш” жана башка ондогон партиялар бар. 20-мартта Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган. (AJ)