Ош шаарында БЭКтин түштүктөгү лидери кармалып, үстүнөн иш козголду

Бириккен Элдик кыймылдын Улуттук Кеңешинин мүчөсү Анвар Артыковдун айтымында, негизги күч Кара-Кулжа жана Алай райондорундагы митингичилерге жөнөтүлдү. Мындан тышкары оппозициялык партиялардын райондук лидерлери укук коргоо органдары тарабынан кармалып, сурак беришүүдө. Ошондой эле акцияга келаткан 500-600 чакты жаран жолдо тосулгандыктан, «Семетей» кинотеатрына белгиленген митингге 50 чакты гана киши катышты. Анда БЭКтин бийликке койгон беш талабы толук бойдон кубатталды.

Ош шаардык жана облустук бийлиги оппозиция өкүлдөрүнүн талаптары жүйөөсүздүгүн белгилеп, Бириккен Элдик кыймылдын театрдагы жолугушуусуна 10-20 чакты гана киши чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап тарашкандыгын айтышууда.

Иш-чара соңунда БЭКтин түштүк аймагы боюнча өкүлү Аманбай Сатыбаев театрдын алдына чыгып: «Мэриянын өкүлү Турсунай Бабажанова чагым уюштурду. 10 адам эле келди деп шылдыңдоодо. Ошол он адам эл эмес бекен!?!» деп кыйкырып жатканда, милиция кармап кетти.

Кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришкендей, Аманбай Сатыбаев коомдук тартипти бузган жана ижарага алынган жердин олтургучтарын бүлгүнгө учураткан деп айыпталып, административдик иш козголуп, сотко ашырылды. (ATo)