Талас: БЭКтин бөлүмдөрүн ар бир айылда ачуу боюнча резолюция кабыл алынды

Талас шаарындагы “Ата Мекен” партиясынын штабындагы оппозициянын жыйыны аяктады. Ага баш-аягы беш жүздөй киши катышты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Улан Эсенгелдинин билдиришинче, анда Бириккен элдик кыймылдын бөлүмдөрүн облус, район борборлоруна эле эмес ар бир айылда ачуу тууралуу резолюция кабыл алынды. (EBM)