АКШ президенти Ооганстан боюнча жаңы стратегияны жарыялары күтүлүүдө

Бул документ менен тааныштыгы бар расмий өкүлдөрдүн айтымында, Барак Обама жарыялоочу жаңы стратегия Ооганстанга жергиликтүү армия менен иштөө үчүн америкалык төрт миң инструкторду жана кеңешчини жиберүүнү карайт. Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жөнөтүлөрүн АКШ президенти буга чейин эле билдирген. Алар өлкөдө августка белгиленген президенттик шайлоо өткөнгө чейин жайгаштырылуусу керек.

Жаңы план ошондой эле карапайым оогандардын жашоосун жакшыртууга көңүл буруу үчүн Ооганстанга жүздөгөн кеңешчилерди, анын ичинде айыл-чарбасы боюнча эксперттерди жиберүүнү сунуш кылат. Обаманын планы, кабарларга караганда, ошондой эле талиптер башпанектеп жаткан Пакистанга өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүү үчүн экономикалык жардам көрсөтүүнү да карайт.