27-марттагы митингде Аксы акимин кызматтан алуу талабы коюлат

БЭКтин мүчөсү Исраил Мамакеевден алынган маалымат боюнча, эртең Аксыда өтчү акцияда жергиликтүү тургунду акимдикке дайындоо жогорку бийликке сунушталат. Ал талап митинг убагында аткарылбаса президентти кызматтан кетирүү иш-чарасы башталат. Акимияттын алдында өтчү митингге миңдей адам катышууга макулдук берген. Митингди акимдин маданият үйүндө өткөрүү сунушу четке кагылды. БЭКтин өкүлдөрү ага акцияны алып баруу жана акимияттын алдында өткөрүү, аны үн күчөткүч менен камсыздоо талабын койдук -деп билдирди Исраил Мамакеев. Район акими Талантбек Орозов Кербенде митинг уюштуруу тууралуу БЭКтен маалымдама түшпөгөндүгүн жана президенттин дайындоосу менен Аксы акимдигине келгенин түшүндүрдү. «Ата Мекен» партиясынын облустагы теңтөрагасы Советали Сеитбеков эртеңки митинг ачык аянтта өтөөрүн, ага бир жарым миңдей киши, уюмдун Жалал-Абаттагы өкүлү Сузактын айылында болчу митингге 200дөй адам катышаарын билдиришти. (YA)