Быйыл суунун көлөмү 12 млрд, кубометрден ашуун көбөйүшү күтүлүүдө, деп билдирди өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов бүгүн өкмөт жыйында. Жыйында негизинен кыштан чыгуунун жана отун суу маселеси боюнча маселе талкууланып, кыштан жакшы чыккандыгы белгиленди. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кыш камылгасын көрүү боюнча түзүлгөн штабдын формалдуу иштешинин кажети жоктугун, штабга кирген министрлер бул маселеге жоопкерчилик менен мамиле кылуусу керектигин айтты. Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин тапшырмаларын аткаруу, статс-катчылардын маселеси дагы талкууланды. (AJ)