Т.Исмаилова: Бей өкмөт уюмдардын аракеттери чектелбеш керек

Мындай пикирин “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлайкан Исмаилова бүгүн өнөктөштөрдүн улуттук ассамблеясында билдирди. Анын айтымында, жыйындын максаты - аймактардагы бей өкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта иштөө. “Өкмөт мүчөлөрү бир орунда иштеп өз алдынча чечим чыгарып, маселени толук кандуу чече албайт. Бейөкмөт уюмдар жер-жерлерде эл менен жакын иштегендиктен, алар биздин маалыматтарга да муктаж. Ошол себептүү мындай уюмдардын ролу чоң”, - деп белгиледи Т.Исмаилова. Ассамблеянын буга чейинки регионалдык жыйындары 19-мартта Ош, Талас жана Ысык-Көлдө өткөн. (КЕ)