Т.Исмаилова: Өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилгендердин саны 186 адам

Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. “Өмүрүнүн акырына чейин кесилгендердин акыбалы абдан оор. Камалган бир нече адамдын жеке арыздары БУУда катталган. Террорчулукка каршы деп күнөөсүз көп адам эркинен ажыратылган. Бүгүн Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону менен көз карандысыз сот, көз карандысыз милиция жок”,-дейт Исмаилова. Анын пикиринде өмүр боюу эркинен ажыратылгандардын кылмыш ишин кайрадан карап чыгуу зарыл. (AJ)