Бүгүн кечинде президент К.Бакиев өзүнүн жаңы багыты менен элди тааныштырат

Мындай маалыматты “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев бүгүн Улуттук сыналгы аркылуу Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү багыты жана ал келечек багыттарды ишке ашыруу механизмдери тууралуу жалпы элге кайрылуу менен чыгат. Президенттик жаңылануу деп аталган жаңы багыт даярдалаары жөнүндө президент 27-январдагы элге кайрылуусунда айткан болчу. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев президенттин жаңы багытынан эч кандай жаңылык үмүт кылбасын "Азаттыкка" билдирди. Анын баамында, төрт жыл бою жаңыланууну алып келбеген президент саясатын эми бир кайрылуу менен жаңыртып жиберет же саясатын жаңы багытка бурат деген үмүт жок.(BD)