Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн биринчилерден болуп каттоо баракчасын толтуруп, каттоочунун суроолоруна жооп берди. Анын алдында ал кыргызстандыктарга кайрылып, муну мамлекеттик маанилүү иш-чара, деп атады. Каттоонун негизинде алынган маалыматтар өлкөдөгү экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн өтө маанилүү болгондуктан, жашоочуларды каттоочулардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартпоого үндөдү. Алынган маалыматтар жалпылаштырылган түрүндө колдонулуп, адам тууралуу так маалыматтар көрсөтүлбөй тургандыгын айтты. (EBM)