Борбор Азия аймагы өзөктүк куралдан эркин деп жарыяланды

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан биригип, 2006-жылы Казакстандын Семипалатинск шаарында келишимге кол койгон. Ал боюнча Борбор Азия аймагы өзөктүк куралдан эркин деп жарыяланган. Келишим быйыл 21-марттан тарта күчүнө кирди. Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги келишимдин күчүнө киришин кубаттап, аны Борбор Азия регионунун жалпы коопсуздукка кошкон салымы катары баалады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)