Обама Нооруз майрамына байланыштуу жасаган видеокайрылуусунда Вашингтон эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу жолдорун издеп жатканын айткан. Америкалык президент Иран өкмөтү менен конструктивдүү диалог өз ара урматтоого негизделүүгө тийиш деп белгиледи.