Ирандын президентинин өкүлү АКШ Иран саясатын түп-тамырынан өзгөртүшү керек деп билдирди

Ахмадинежаддын жардамчысы Али Акбар Жаванфекр Обаманын кайрылуусун кубаттап, ошол эле маалда президент АКШнын Иран саясатын түп тамырынан өзгөртүшү керек деп билдирди. Вашингтон буга чейинки каталарын моюнга алып, аларды оңдоого тийиш, - деди Тегерандын өкүлү. Иран менен АКШнын дипломатиялык алакалары мындан 30 жылдай илгери үзүлгөн. Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Жорж Буш Иранды “карасанатай мамлекеттердин” катарына кошуп келген.