Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттердин концлагеринде кароолчу болуп иштеген адам АКШдан Австрияга депортацияланды

Американын Юстиция министрлиги маалымдагандай, 83 жаштагы Йосиас Кампф Германиядагы “Заксенхаузен” концлагеринде жана Польшадагы “Травники” деген лагерде иштеген. Кампф 1943-жылы Польшада 8 миңдей жөөттү кырууга катышканын моюнга алды. Сербияда туулган Кампф 1956-жылы Австриядан АКШга эмиграциялаган. Алты жыл мурун ал америкалык жарандыгынан ажыратылган.