Европалык жана сингапурлук түрк ишкерлери Нарында

Бүгүн Нарын кыргыз-түрк лицейинде Нооруз майрамы белгиленди. Аземдин ишине Голландиядан 10 жана Сингапурдан бир түрк ишкерлери катышкандыгын лицейдин деректири Халил Коч билдирди. Алыстан келген меймандарга кыргыздын «мейман тосуу», «кыз узатуу», «чач алдыруу», «сүннөткө олтургузуу», «бешикке салуу», «тушоо кесүү» жана башка каада-салттары тартууланды. Нарын кыргыз-түрк лицейи мындан 16 жыл мурда уюшулган жана лицейдин материалдык-техникалык жабдууларын чыңдоого демөөрчүлүктү негизинен голландиялык түрк ишкерлери колдоп келишет. (KUs)