Францияда бүгүн бүткүл өлкө боюнча бир күндүк иш таштоо өтүп жатат

Иш таштоонун максаты өкмөткө экономикалык кризистин шартында жумушчуларды жакшыраак колдоосу үчүн кысым көргөзүү. Демонстрпциялар башкаала Парижди кошкондо 200дөй шаарда өтөөрү мерчемделген.

Кабарларга караганда, бүгүн эртең менен автобус жана пезд каттамдарында үзгүлтүккө учуроолор болду. Бирок мурда күтүлгөндөй, алар такыр эле токтоп калган жок жана Париждин метросу да азырынча кадимки калыбында иштөөдө.

Профсоюз уюмдары президент Николья Саркозинин экономикалык саясатына нааразылык билдирүү менен өкмөттү жумушчу орундарды жана маянаны сактоо үчүн жетиштүү чара көрбөгөнү үчүн айыптоодо.

Францияда азыр жумушсуздардын саны эки миллионго жетти жана жыл аягына чейин дагы өсөөрү күтүлүүдө.