Р.Отунбаева: Президенттин ден-соолугу тууралуу маалымат берилсин

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева бүгүн парламентте төрага Айтибай Тагаевге кайрылып, президент Курманбек Бакиевдин ден-соолугу тууралуу анын басма сөз кызматы маалымат беришин суроону өтүндү. Акыркы мезгилде коомчулукта президенттин ден-соолугу тууралуу ар кандай ушак-айыңдар кайрадан чыгып кетти.(AiT)