Турсунбек Акун: Кыргызстанда кыйноолор бар

“Кыргызстанда кыйноолор барбы?” деген депутат Гүлнара Дербишеванын суроосуна Турсунбек Акун: “Омбудсмен институту 84 фактыны каттаган” деп жооп берди. - Биздин институттун алкагында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал боюнча иштеп жатабыз”. Ушул мүнөттөрдө омбудсмен Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште жылдык отчетунун негизинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. (TD)