Голландиянын полициясы Амстердам шаарында террордук чабуул уюштурууну пландаштырган деген шек менен жети адамды камакка алды. Полициянын маалыматына ылайык, камакка алынгандардын бири 2004-жылы Мадридде 191 адамдын өмүрүн алып кеткен поезддин жарылуусуна тийешеси бар. Коопсуздук себептеринен улам Амстердамда дүкөндөр жабылып, ири концерттерди өткөрүүгө тыюу салынды.