Г.Дербишова: Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоор коомго кереги жок

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат айым кесиптештери И. Масалиевди, А. Төлөновду жана Н. Айдаровду “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзам долбоорун токтото турууга чакырды. Анын айтуусунда 11 миңге жакын бейөкмөт уюмдар өлкөдө өтө чоң армия, жарандык коом катары коомчулукта чоң абройго ээ. “Бейөкмөт уюмдар бардык тармактарда өтө чоң салым кошуп атышат. Ошондуктан, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү мыйзам долбоорунун биздин коомго кереги жок,” дейт депутат Г. Дербишева.(ZKo)