Т.Сариев: 27-мартта бүткүл өлкө боюнча саясий нааразылык акциясы өтөт

БЭК бийлик менен сүйлөшүүгө барбастыгы жана 27-мартта бүткүл республика боюнча саясий нааразылык акцияларын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын “Ак шумкар” партиясынын төрагасы жана БЭКтин лидерлеринин бири Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
- Темир мырза, БЭКтин саясий бюросунун кечээги отурумунда кабыл алынган чечимдерди өз оозуңуздан уксак?

- Биз эки чечим кабыл алдык. Биринчиси, бул бийлик менен болуп аткан сүйлөшүүлөрдү токтотуу, анткени мындан ары анын кажети жок. Тилекке каршы президентти ал жерде угайын деген киши жок экен. Президент өзүнүн кайрылуусунда “мен конструктивдүү сүйлөшүүгө барам”,- деп айткан. Ошонун негизинде биз комиссия түзүп адамдарды жөнөттүк эле. Биринчиден жанагы саясий куугунтук болуп атканды токтотуу боюнча. Бирок кечээ күнү Жекшенкуловду камагандан кийин мунун баары дайын болуп калды. Президент бирди айтат, анын жан жөкөрлөрү таптакыр башканы кылат. Бул абдан өкүнүчтүү. Президенттин сөзүн эч ким укпайт, эч ким аткарбайт. Тескерисинче аны уят кылып атышат.

Ошол үчүн биз бул сүйлөшүүлөрдү токтотобуз деп чечтик. Бул биринчи чечим. Экинчиден болсо 27-мартта бүткүл Кыргызстан боюнча нааразычылык акцияларын баштайбыз. Бир топ маселелер көтөрүлөт. Анын эң биринчиси - президент Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда жумуштан кетирүү талабы. Экинчиси, шайлоо болсо Бакиевсиз шайлоо. Үчүнчүсү, абдан оор учурга келген экономикалык саясий акыбалды кескин түрдө оңдоо. Аны үй-бүлөлүк коррупциялашкан башкаруудан кетүүнүн негизинде гана бара алабыз деген чоң талаптар болот. Мына ушулар менен чыгабыз.

- Бул саясий акция бир эле күн болобу, же мөөнөтсүз болуп кетеби?

- Эми азырынча биз айтып атабыз, 27-мартта бир саатта бардык жерден чогуу чыгышат. Ар бир айыл өкмөтүндө, ар бир райондук администрациянын астында, облустук администрациялардын астында жана Бишкек шаарында болот. Мына биз бүгүн саясий партиялар өзүбүздүн арыздарыбызды ар бир администрацияга тапшырабыз. Ал кандай уланып кетет, кандай болуп кетет аны айтыш кыйын. Эми аны жакындаганда айтарбыз.

- 27-мартка чейин бийлик оппозиция лидерлерин, же айыл өкмөттөгү партиялардын, БЭКтин активдүү мүчөлөрүн камап коюу коркунучу жокпу?

- Андай коркунуч жок деп айталбайм. Анткени бийлик колунан келген нерсесин кылып жатат. Мен ойлойм, бийлик эмес бийликтин тегерегинде жүргөн, бүгүнкү учурдан пайдаланып байып жаткан адамдар ушундай чечимди кабыл алып жатышат. Мен ушуга бир мисал айтып кетсем болот. Мен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жолугушуп келгенден кийин эртеси күнү УКМК адамдары барып, балдардын баарын прокуратурага чакыртып абдан убара кылган экен. Бир 80 жашка чыккан аксакалга барган экен. Ал мен барган жолугушууда Бакиевге абдан катуу сын-пикир айткан эле. Ошол кишини УКМКга чакырып жатат десе, ал киши айткан экен. “Ай балам, мени тетиги дөбө гана чакырат. Ошол жерде мүрзө бар, ошого барам. Калганынын баары мага келсин. Айтып кой Бакиевиңе дагы, УКМК башчысына дагы, биз өзүбүздүн билгенибизди жасайбыз”, - деп. Мына азыр элдер айла жок ушундайга барып калды. Мунун төркүнүн түшүнгөн адам ошол кылып аткан иштерин тыят да. Эгерде түшүнбөсө алар док урунуп, “сени камайм, сени сабайм”, - деп жүрө берет.

- Мына ушул мартта нааразылык акциясы башталат дегенден бери айрым талдоочулар ушул митингде кандайдыр бир чагымдар уюштурулуп, оппозция лидерлерине айып тагылышы мүмкүн деген божомолдорун айтып жатышат. Ушундай коркунучтар жокбу?

- Андай коркунучтар дагы бар. Биз аны жок деп айта албайбыз. Ошон үчүн биз 27-мартта келе турган адамдардын бардыгына айтып жатабыз. Аткени бул бир гана Сариев үчүн, же бир гана Текебаев үчүн, же бир гана Атамбаев үчүн эмес, бул биздин мамлекеттин, элдин келечеги үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн деп, ар кимдин өзүнүн жүгүн көтөрүп жатабыз. Анан ар бир кыргыз эли дагы ошол жүгүн көтөрүш керек. Эгер коркуп жата берсек, мына бүгүнкү бийликтин кылып атканын көрдүк. Эгерде ушундай темп менен кетсек абдан кыйын акыбалга келебиз. Мен айтып жүрбөймбү, экономикалык кризис азыр бизде баштала элек. Мына кризистин башын ушул апрель-май айларында биз көрүп, өзгөчө күз, эмдиги жылы абдан оор болот биз үчүн. Аны чечейин деген бүгүнкү бийликтин бир дагы планы дагы жок, оюу дагы, каалоосу дагы жок. Аны угайын деген киши дагы жок.